Ысык-Ата районундагы "Алтын уя" балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жагымдуу маанай тартууланды

Бүгүн, 2-февралда Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы "Алтын уя" балдар үйүнүн тарбиялануучуларына "Доктор Айболот" тасмасы көрсөтүлдү.

"Балдар бул иш-чара тууралуу алгач укканда эле сүйүнүшкөн. Шаарга жеткиче толкунданып келишти. Мындай иш-чаралар көбүрөөк болуп турса жакшы болмок. Балдар бүгүн аябай бактылуу болушту",- дейт аталган балдар үйүнүн кызматкери Ибадулла Моминов.

Кино башталар алдында балдар орун алууга шашылып, зал ызы-чуу боло түштү. Аларга тарбиячылар жардам беришти. Тасма башталганда тарбиялануучулар тынчып, көңүлдөрү экранга бурулду. Залдын ичи жагымдуу, жылуу атмосферага, шаңдуу күлкүгө бөлөндү. Тасманы көрүп отурган балдарга тарбиячылар да кошулуп күлүп отурушту. Тасма аяктаганда бул иш-чаранын уюштуруучулары балдарга демөөрчүлөрдүн белектерин тапшырышты.

"Доктор Айболот" тасмасы мага абдан жакты. Уюштуруучуларга чоң рахмат айткым келет. Баарыбыздын маанайыбыз көтөрүлдү. Дагы да тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлө беришине тилектешмин",- дейт Нурсултан аттуу тарбиялануучу.

Балдар тасмада башкы ролду жараткан Самат Эркинбеков менен сүрөткө түшкөндөрүнө сүйүнүп жатышты. "Тамашоучу" Саматтын "Силерге ким жакты?" деген суроосуна балдардын бири "Айболот", бири "Улакчы" деп кыйкырып жарыша жооп беришти.

"Иш-чараны соопчулук үчүн уюштурдук. Балдарга кубаныч тартуулагыбыз келди. Биз баштап алдык. Балким, бизди көрүп башка режиссёрлор да өзүлөрүнүн тасмаларын кичинекей балдарга көрсөтө башташат чыгар. Кандайдыр бир деңгээлде бул да болсо жардам, балдардын маанайы, руху-духу көтөрүлүп калат",- дейт иш-чаранын уюштуруучусу жана тасманын продюсери Нурлан Жаныбеков.

Чынында, балдардын жүзүнөн сүйүнүчтү байкоого мүмкүн болду. Бул күн балдарга дүйнөдө алардын көңүлүн ойлоп, алар үчүн жакшы иш жасоого даяр адамдар бар экенин көрсөтө алды деген ойдобуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bema10
2016-02-03 00:01:59
Нурбек Жаныбековко чоон рахмат, таазим сизге! Абдан чоон сооп кылдыныз. Аллах ыразы болсун!
0
kgalik
2016-02-03 11:10:06
ой маашаллах дейтурган иш кылганын кара
0
kgalik
2016-02-03 11:15:24
Эми ошол кинону коргону барам, соопчулук кылган адам жакшы адам болот, соопчулук кылган адамдын ишине жардам болсун деп барам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан