Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2-февралдагы жыйынында “КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баяндама жасады.
Мыйзам долбоору коммерциялык багытта жүргүнчү ташыган оң рулдуу автоунааларды пайдалангандыгы үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү максатында иштелип чыккан. Ошону менен катар аталган кодекске унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого байланыштуу түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Мыйзам долбоорун талкуулоо маалында депутат Дастан Бекешев айдоочуларды жоопкерчиликке тартууга негиздемелердин жоктугуна, коррупциялык жагдайлардын түзүлүп калышы жана Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу мүмкүн экенине байланыштуу коммерциялык багытта жүргүнчү ташыган оң рулдуу автоунааларды пайдаланууга тыюу салуу ченемин алып салууну сунуштады.
Автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо маселеси боюнча аталган кодекстин 235-беренесине толуктоолор каралган. Анда мажбурлап эвакуацияланган унааны ташуу жана токтотуучу жайга кармоого кеткен чыгымды административдик укук бузган унаа ээси мойнуна алышы керектиги сунушталган.
Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү борбор калаадагы унаа токтото турган жайлардын аздыгына басым жасашты. Анын кесепетинен айдоочулар айласыздан уруксат берилбеген жерлерге унааларын калтырып кетип жаткандыктары айтылды. Комитет төрагасы Иса Өмүркулов таксисттердин аялдамаларга токтоп туруп алгандыгынан улам коомдук транспорттор дайыма аялдамага токтой алышпай жаткандыгын билдирди. Ошону менен катар Өмүркулов эскертүү чарасы катарында унаалардын номердик белгисин чыгарып алууну сунуштады. Депутаттар муниципалдык жана жеке унаа токтотуучу жайлар жана эвакуаторлордун кызмат көрсөтүү акысы боюнча маселе көтөрүштү. Асанов атайын жайга унаа токтотуу акысы күнүнө 100 сомдон ашпай тургандыгын айтты. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоого алышты.
Комитет жыйынында “Автомобиль каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Мыйзам долбоорунда жүргүнчүлөрдү оң рулдуу автоунаалар менен ташууга тыюу салуунун (жүргүнчүлөрдү шаар аралык ташуудан сырткары) күчүнө киришин 2020-жылдын 1-январына чейин узартуу сунушталган.