22-январда Жогорку Кеңештин "Республика – Ата Журт" фракциясы вице-спикер Нурбек Алимбековго карата ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечим кабыл алган эле. Фракция аталган чечимин артка кайтарып алганын бүгүн, 3-февралдагы жалпы жыйында төрага Асылбек Жээнбеков айтып чыкты.
"Урматтуу депутаттар! Менин жетекчилигим алдында Жогорку Кеңештин делегациясы расмий сапар менен Сауд Арабия Падышалыгында жүргөн күндөрү Нурбек Алимбековго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов экөөбүз ачык сүйлөштүк. VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишке киришкенине үч ай гана болгонун, вице-спикердин жаңыдан тажрыйба топтоп келатканын, өлкөбүздүн өнүгүшү жана жаркын келечеги, парламентаризмдин бекемделиши үчүн биримдик, туруктуулук баарынан жогору турарын туура түшүнүү менен эске алып, жалпы ишибиздин кызыкчылыгы үчүн бир пикирге келдик. Өмүрбек Токтогулович фракциялаштары менен кеңешип, вице-спикерге ишеним көрсөтпөө демилгесин артка кайтарып алуу туурасында сунушумду колдогону үчүн ыраазычылык билдирем. Мындан ары мындай маселелерде кеткен кемчиликтерди эске алабыз",- деди Жээнбеков.