Темир Сариев буту-колун үшүккө алдырган 8 жашар Ырыскелди Зарлыковго КРнын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлөт. Бул тууралуу 3-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Ы.Зарлыковго тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды.
Эске салсак, 2013-жылдын 9-январында Нарын облусунун Ак-Моюн айылында пенсионер карыя небереси менен малды карап келүү максатында чыккан. Бирок алар катуу суукка жана калың түшкөн карга байланыштуу көздөгөн жерге жете алышкан эмес. Карыя небересин жылытуу үчүн аны денеси менен жаап, коргоп калууга аракет кылган, бирок өзү көз жумган. Бала тирүү калганы менен, анын буту-колун үшүк алып, натыйжада колу-бутунан ажыраган. Учурда баланын дарылануусуна жана ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам керек болууда.