Диний экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгон адамдарды камакта өзүнчө кармоо демилгеси көтөрүлүүдө

Өкмөткө караштуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) диний экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгон адамдарды камакта өзүнчө кармоо демилгесин көтөрүүдө. Бул багытта иштелип чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 1-окууда каралды.

ЖАК төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Энтериевдин айтымында, камак жайларында болгон акыркы окуялар диний экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгон адамдарды камакта өзүнчө кармоо зарыл экенин көрсөттү. "Экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгон адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүп барат. Мисалы, 2013-жылы 81 адам, 2014-жылы 116 адам, 2015-жылы 132 адам соттолгон. Алар азыр башкалар менен бирге кармалып келишет. Андай адамдардын башкаларды үгүттөө мүмкүнчүлүгү болгондуктан, жалпы тартипке терс таасирин тийгизүүдө. Ошондон улам аларды өзүнчө кармоо демилгеси сунушталууда",- дейт ал.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттарды экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгон адамдарды өзүнчө кармоо шарттары, атайын шарттары бар камак жайларынын бар же жок экени, атайын жайлардын каржылоо маселесинин чечилиши өңдүү маселелер кызыктырды.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан