Экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгондор үчүн төрт камак жайы курулат

Экстремизм жана террордук кылмыштар боюнча соттолгондор үчүн төрт камак жайы курулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Энтериев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, 4 колонияда ылайыктуу жайлар аныкталган, 2016-жылы 2 камак жайы, 2017-жылы дагы 2 камак жайы курулууга тийиш. Ал үчүн ушул жылдын эсебинен 45 миллион сом каралып, анын 15 миллиону бөлүнүп берилди.

Террордук кылмыштар боюнча соттолгондор башкаларды үгүттөп, жалпы тартипке терс таасирин берип жаткандыктан, аларды өзүнчө кармоо зарылчылыгы келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан