Аксакалдар сотторунун иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы аксакалдар сотторунун иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мыйзам долбоору аркылуу аксакалдар сотторунун курамдарына шайлоо үчүн талапкердин соттуулугунун жоктугу жөнүндө талап киргизилүүдө. Ошону менен катар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда кийим-кечектин расмий стилин сактоо боюнча аксакалдар сотторунун мүчөлөрү үчүн талап каралган. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык камсыздоо жана алардын мүчөлөрүнө сыйлык берүү боюнча да ченемдер киргизилген.

Мыйзам долбоору бир катар депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан