2015-жылы "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому 1 миллиард 519 миллион 991 миң сом чогултту

2015-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому электр энергиясы үчүн 1 миллиард 519 миллион 991 миң сом чогултту. Аталган ишкана муну менен электр энергиясын керектөөчүлөрдөн каражат чогултууну 100 пайызга аткарганын билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен калктан чогултулган сумма 688 миллион 13 миң сомду түзөт.

2015-жылдын башында дебитордук карыздар 199 миллион 544 647 сомго барабар болчу. Жыл башынан бери карыздар 198 миллион 16 840 сомго чейин кыскарды (1 пайызга азайтылды дегендик).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан