Бүгүн эртең менен саат 9дар чамасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуев узакка созулган оорудан каза болду. Бул тууралуу 4-февралда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Эл акыны быйыл 91 жашка чыкмак. Сооронбай Жусуевди "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу пландалып, бирок кайсы күнү коюлары белгилене элек. Бул маселе бүгүн мамлекеттик деңгээлде уюштуруу комитети менен каралат.
С.Жусуев 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.
Акынга ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын залкар инсаны Сооронбай Жусуевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.