Кыргыз жергесине Эл аралык эпизоотикалык бюросунун өкүлдөрү келишти

Кыргыз Республикасы 1992-жылы Эл аралык эпизоотикалык бюрого (МЭБ) мүчө болуп кирген. Ал дүйнө жүзүндөгү жаныбарлардын ден соолугуна жооптуу өкмөттөр аралык уюм. 180 мамлекет аталган бюронун мүчөсү болуп эсептелет.

2016-жылдын 1-февралында кыргыз жергесинде Эл аралык эпизоотикалык бюронун миссиясы өз ишин баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү кабарлады.

Миссиянын максаты ветеринардык кызматтын иш алып баруусуна баа берүүгө жана ветеринардык түзүмдөрдүн ишкердигин эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө багытталган. Дүйнө жүзүндөгү жаныбарлардын ден соолугуна жооптуу өкмөттөр аралык уюмунун эксперттери Мамлекеттик ветинспекциянын чакыруусу менен келишкен. Эксперттер өлкөдө 12-февралга чейин болушат. Алар Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарына барышат жана аймактардагы ветеринардык адистер менен жолугушууларды өткөрүшөт. Аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча отчёт жазышат. Бул отчёттордо ар бир ветеринардык ишке берилген баа чагылдырылат жана тийиштүү сунуштар көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын реформалоо иштери аны эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү максатында жүргүзүлүүдө. Мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу кайрадан куруунун өзөгүн түзөт. Мындан тышкары азыркы тапта профилдик мекеме алдыдагы жылдарга ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгууда. Бул документти даярдоодо Эл аралык эпизоотикалык бюросунун адистери берген сунуштардын мааниси чоң экенин министрлик белгилеп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан