Жерге диаметри 30 метр болгон +2013 TX68 аталышындагы астероид жакындап келе жатат. Бул тууралуу америкалык NASA мекемесинин расмий сайтында жарыяланды.
Бул метеорит 2013-жылы март айында Орусиянын Челябинск шаарынын үстүнөн жарылган метеоритке окшош, ал метеориттин диаметри 20 метр болгон. +2013 TX68 астероиди үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Жерге жакын аралыкта учуп өтөт. Ал эми канча аралыкта учары анын траекториясынан көз каранды болот. Эң алыс дегенде 14 миллион, эң жакын дегенде 17 миң чакырым алыстыкта учуп өтөт. Бирок бул анын акыркы Жерге жакындоосу болбойт. Ал 2017-жылы сентябрь айында, 2046-жылы жана 2097-жылы да Жерге жакындап өтөрүн аталган мекеменин изилдөөчүлөрү болжолдошууда. Алардын айтымында, метеорит Жерге таасир этпейт. Анын Күндүн айланасындагы орбитасын аныктоо татаал болуп жатканын белгилешти.