“Түндүк электр” ишканасы жаңы автогидрокөтөргүчтөр менен камсыз болду

“Түндүк электр” ишканасы жаңы автогидрокөтөргүчтөр менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул автосуукөтөргүчтөрдү алууга “Түндүк электр” өз каржысынан 14,7 миллион сомдон ашуун каражат кетирди. Жаңы техника Талас филиалына, Москва, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук электр тармактарына тапшырылды.

Ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоодо трассанын абалы көп мааниге ээ болот, көп учурда өчүрүүнүн себебин чубалгыларга кулаган бутактар жана бактар түзөт. Жыл сайын Александровка, Беловодск, Садовое, Петровка айылдарындагы аба электр чубалгыларынын боюндагы бактардын бутактары чоң көйгөйдү жаратат. Эми электр менен камсыздоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучун алдын алуу бир канча жеңил болот: автосуукөтөргүчтүн көтөрүү бийиктиги 18 метр, экинчи кабинасы дагы бар, ошондуктан бригаданын бардык мүчөлөрү батат”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
makemake1979
2016-02-05 00:21:00
Жакшы экен
0
jonl86
2016-02-05 01:11:22
Жакшы колдонгула эми окмот толоп берет дебей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан