Бишкекте Свердлов районунун Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу координациялык кеңешинин отуруму өттү

Бүгүн, 4-февралда Свердлов районунун муниципалдык администрациясы Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу координациялык кеңешинин отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда Свердлов РИИБинин Өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын, Билим берүү борборунун, райондук Спорт комитетинин, №38-окутуу-тарбиялоо комплексинин жана Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын аткарган иштеринин отчёттору каралды. Жыйынга Балдардын иши боюнча комиссиянын мүчөлөрү, Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча штабдын мүчөлөрү, Өспүрүмдөр иши боюнча инспекциянын участкалык инспекторлору, жалпы билим берүү мекемелеринин тарбия берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгы, аймактык башкармалыктардын социалдык кызматкерлери, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү, Свердлов районунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан