Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ата-энеси тарабынан сабалган Назбийкенин баш мээси чайкалганы далилденди. Катуу сокку, ур-токмокко кабылган кыздын майда кан тамырлары жарылып кеткен. Мындан улам кан ылдый сарыгып, таманына түшүп кеткен. Учурда ал баса албай кыйналып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперти Алмаз Омошев билдирди.
"Назбийке биздин борборго 30-январь күнү саат 12:50 чамасында кайрылды. Ал катуу ур-токмокко алынганын менин сөзүм эмес, анын денесиндеги көк алалар, кан уюп калганы айтып турат. Эки колунда, далысында, буттарында көптөгөн тактар, жаракаттар, башында карттын белгилери бар. Анын чачы жулунуп, ошол жер карттанып калган.
Биздин борбордон ал невропатолог жана башка тиешелүү адистерге жөнөтүлгөн. Анын баш мээси тартылып, тиешелүү дарыгерлердин кароосунан өтүп келди. Алардын жыйынтыгына ылайык, анын баш мээси чайкалганы жана башынан жабык түрдөгү жаракат алганы аныкталды", - деди А.Омошев.
Андан сырткары эксперт кыздын психикалык жактан да катуу зомбулукка кабылганын баса белгиледи. Ал адамдардан коркуп, катуу сүйлөгөндөрдөн да жалтанып жатканын кошумчалады.
"Мен 5 жылдан бери ушул тармакта эмгектенем. Жакындары тарабынан мындай оор зомбулукка кабылып, биздин борборго кайрылган биринчи кыз Назбийке болду",- дейт А.Омошев.
Бүгүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү.
Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.