Бишкекте аскерге чейинки даярдык боюнча мектеп окуучуларына тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 4-февралда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, полковник Адылбек Курбановдун жетекчилиги алдында борборубуздагы №13-гимназия-мектебинин базасында тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарада жаштарды аскерге чейинки даярдоонун абалын жакшыртуу, республиканын орто жана кесиптик окуу жайларындагы тарбиялануучуларга патриоттук тарбия берүү темалары талкууланды.

Тегерек столдун ишине укук коргоо органдарынан, Ардагерлердин борбордук кеңешинен, Ооган аскерлери республикалык кеңешинен, Баткенчи аскерлердин комитетинен, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен жана Бишкек шаарынын аскер комиссариаттарынан өкүлдөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды аскерге чейинки даярдоо боюнча сабактар уюштурулду. Ленинграддагы блокада, Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз ардагерлери эскерилди жана ошол оор жылдардагы окуялар тууралуу спектакль-монологдор №13-гимназия-мектебинин жогорку класстарынын окуучулары тарабынан көрсөтүлдү.

Тегерек столдун катышуучулары мектептердеги аскердик даярдыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде адистердин жетишсиздигин, каржы маселесин, окуу-материалдык базаны талкуулашты жана бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча бирдиктүү чечимдерди чыгарууга аракет кылышты”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан