ЖАМКтын жетекчиси эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, курулуп жаткан тергөө абактары тууралуу айтты

4-февраль күнү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигинин Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары боюнча кеңешчиси Сильвия Поголша жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын координатору Кун Маркверинг менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

ЖАМКтын төрагасы Алик Мамыркулов жаза аткаруу системинин азыркы күндөгү жагдайын, өкмөт тараптан көрсөтүлүп жаткан колдоосун, приоритеттүү багыттар жана көйгөйлөрдүн чечилишин айтып берди. Жолугушууда диний экстремизм үчүн эркинен ажыратылган кылмышкерлерди атайын зоналарда кармоону көзөмөлдөө боюнча маселени Жогорку Кеңеш экинчи окууда караганы айтылды.

Мындан сырткары абактарды куруу иштери жүрүп жаткандыгы, өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулган №19-түзөтүү колониясы жакында колдонууга берилери белгиленди. Жакынкы арада Жалал-Абад шаарында №53-СИЗОнун курулушу бүтүп жатканын жана ал жерге кызматкерлер даярдалып жатканын кошумчалады. А.Мамыркулов эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө көрсөтүлүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташуу уланарына ишенерин айтты.

Кун Маркверинг ЖАМК коопсуздук маселелери үстүндө активдүү иштешип жатканына токтолуп, №1-СИЗОдогу көзөмөл-өткөрүүчү жайына рентген жабдуусу коюлуп, кызматкерлерге анын иштетилиши тууралуу бир катар окутуулар болгонуна токтолду. Андан тышкары апрель айында Бишкек шаарында абактагыларды чек арадан өткөрүп берүү тууралуу аймактык конференцияны өткөрүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ал эми Сильвия Поголша ЕККУ тарабынан уюштурулган Окутуу борбору ишин улантууга даяр экенин, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жана студенттерге экстремизмге каршы күрөш жөнүндө семинарларды өткөрүп берүүгө жардам берерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан