Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуев менен коштошуу зыйнаты 6-февралда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной SUPER.KG порталына билдирди.
"Коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында саат 9:00дө башталат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкөбүздүн премьер-министри Темир Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев жана президенттик аппараттын өкүлдөрү катышышат. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат",- деп билдирди Марлен Соляной.