Кыргыз өлкөсүндө заманбап онкологиялык оорукана ачуу маселеси көтөрүлүүдө

Кечээ, 4-февралда Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барышты.

Депутат Альфия Самигуллинанын айтымы боюнча, өлкөдө өлүмдүн себеби боюнча онкологиялык оорулар төртүнчү орунда турат. Жыл сайын өлкө боюнча онкологиялык оору менен 5 миң адам катталат, алардын ичинен 200ү кичинекей балдар.

"Албетте, учурда өлкөдө онкологиялык оорулар менен жабыркагандарга медициналык жардамды жакшыртуу иштери жүргүзүлүп жатат, бирок бүгүнкү көрсөтүлүп жаткан жардам азыркы медицинанын мүмкүнчүлүктөрүнөн бир топ артта калгандыктан, түп-тамыры менен өзгөртүүнү талап кылат. Ал үчүн заманбап онкологиялык оорукана ачуу маселеси көтөрүлүп, ага инвестиция тартуу өтүнүчүбүз менен өкмөткө кайрылдык",-дейт Альфия Самигуллина.

Депутаттар бул сапарда балдарга ар кандай оюнчуктарды белекке беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arslan12
2016-02-05 10:35:24
Оюнчук менен эле алдыап койбой заманбап технологиядан да жардам бергиле, мин адам коп го жылына алакандай кыргыз элиме
0
Rifle_2
2016-02-06 11:23:57
Ой алдамчылар, андан көрө алдын албайсыңарбы ?
Тамак аштарды контролдоп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан