Бүгүн Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 75 сом 20 тыйынга түштү

Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда бүгүн, 5-февралга карата 1 долларды сатып алуу 74 сом 50 тыйын болсо, сатуу 75 сом 20 тыйын болууда. Адистер доллар курсунун ылдыйлашын "Brent" мунай маркасынын баасы төмөндөгөнүнө байланыштырышууда.

2015-жылдын башынан аягына чейин АКШ долларынын курсу 24,7 пайызга же 58,89 сомдон 73,43 сомго чейин өскөн. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш сомдун кунун сактап туруу үчүн 10 ай аралыгында 260 миллион доллар интервенция жасалганын айткан.

Азыр акча алмаштыруучу жайларда улуттук валютаны башка валютага алмаштырбай жатышканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2016-02-05 10:53:34
Рублди которгуло
0
arzyke
2016-02-06 08:59:40
bugun 73 som dep turat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан