Бишкекте бүгүн, 5-февралда Социалдык фонд пенсиялык камсыздандыруу боюнча иш-чара өткөрүүдө. Фонддун аппаратынын башчысы Медер Исраилов семинардын башында: “Бүгүнкү күндө ар бир адам төрөлгөндөн тарта биздин тармак менен байланыштуу. Биз сиздердин жардамыңыздар аркылуу ар бир адамдын биз менен тыгыз байланышын түзүп, пенсиялык сабаттуулукту кеңейтүүнү чечтик",- деп ММК өкүлдөрүнө кайрылды.
"Акыркы убакта Социалдык фонд тарабынан мыйзамсыз түрдө акча каражаттары уурдалган фактылар катталып келет. Мисалы, Жети-Өгүз районунда 29 миллион сом, Кара-Көл шаарында 1 миллион 137 миң сом, Талас облусунда 2 миллион сомдон ашуун акча каражаты уурдалган. Бул иштердин баары Башкы прокуратурага жана УКМКга өткөрүлүп берилген.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул фактыларды өздөрү аныктады дегени менен, бул маалыматтарды биз өзүбүз берип жатканыбызды да айта кетейин. Пенсионерлердин 40 пайызы банк аркылуу пенсиясын ала турган болсо, 60 пайызы почтадан алат. Уурдоолор почта кызматкерлери тарабынан болуп жатканы өкүнүчтүү. Ал жерде бир адам эки-үч башка жакка каттап, ошону менен мамлекеттин акчасын уурдап жатат. Ошол себептен пенсия алууну автоматташтырууга өткөрүү каралууда. Анда ар бир адам пенсиясын банктан алат. Мындай мүмкүнчүлүк бардык айылдарда болбогондуктан, айыл аймактарына банкоматтарды орнотуу каралууда",- деди Исраилов.