Калыс-Ордо конушундагы 750 балага ылайыкташкан жаңы мектептин курулуш иштери менен калаа мэри таанышып кетти

Бүгүн, 5-февралда Калыс-Ордо конушунда 750 балага ылайыкташкан жаңы мектептин курулуш иштери менен калаа мэри таанышып кетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү иш-чарасына мэр Кубанычбек Кулматовдон тышкары вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов катышты.

Мектеп кытайлык TBEA компаниясы берген гранттын эсебинен салынууда. Жаңы имараттын баштапкы курулуш иштери аяктап, кабелдерди киргизүү иштери аткарылууда.

Калыс-Ордо конушу өкмөттүн токтомуна ылайык, 2002-жылы негизделген. Анын жалпы аянты 135 гектар. Ал эми жашоочуларынын саны 6347 адамды түзөт”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан