Социалдык фонд: Өлкөдөгү 604 миң пенсионердин 68 пайызы аялдар

Азыркы күндө 604 миң адам пенсия алат, алардын ичинен 68 пайызы аялдар болуп эсептелинет. Пенсионерлердин 69 пайызы айыл аймактарында катталган. Ар бир адамдын пенсиясы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча орточо эсеп менен 4800 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө аялдар пенсияга 58 жашынан чыкса, эркектер 63 жаштан чыгышат. Ар бир алтынчы пенсионер пенсияга майыптыгы менен чыгат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси Гүлнура Жуматаева 5-февралдагы семинардын жүрүшүндө билдирди.

Иш-чарага катышып жаткан ММК өкүлдөрү пенсиянын суммасы буга чейин айтылган сумма менен дал келбей жатканын айтышты. Социалдык фонддун өкүлү: "Сумма орточо эсеп менен көрсөтүлгөн. Алардын катарына депутаттар жана башка чоң суммадагы пенсияны алганда, айыл аймагындагылар да кирет",- деп түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан