Сокулуктагы Шопоков шаарында окуучулар үчүн акысыз англис тил курстары өткөрүлүүдө

Чүй облусундагы Сокулук районунун Шопоков шаарынын №1 жана №2-мектептеринин 30 окуучусу үчүн акысыз англис тил курстары уюштурулган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп окуучулары 2 жылдын ичинде курстарга катышып, окутуунун аягында сертификат алышат. АКШ элчилиги тарабынан керектүү окуу куралдары берилип, курс жумасына 3 жолу өткөрүлүүдө.

"Азыркы учурда англис тили - эл аралык баарлашуунун, тынчтыктын жана достуктун тили. Тилди үйрөнүү коомду интеграциялоого жардам берет. Эми Сокулук районунун мектептери да бул долбоордун алкагында иш алып барып, сынчыл ой жүгүртүүнүн ыкмасын өнүктүрө алышат. Келечекте программанын бүтүрүүчүлөрү кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк аренада татыктуу көрсөтө алышат",- деди Сокулук районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Эмилбеков белгиледи.

Маалыматка ылайык, аталган окутуу курстары Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги тарабынан “Сынчыл ой жүгүртүүнүн ыкмасы” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан