Кыргыз Республикасында алкоголь жана тамекиге акциздик маркаларды даярдоого карата сынактан литвалык компания жеңип алды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына акциздик маркаларды даярдоо, Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата сынактын жеңүүчүсүн аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынактык комиссия катышуучулардын арыздарын, акциздик маркалардын үлгүлөрүнүн экспертизалык жыйынтыгын жана акциздик маркаларга сунушталган бааларын карап чыгып, жүргүзүлгөн аудиттен кийин литвалык компанияны - “Garsu Pasaulis” жабык акционердик коомун жеңүүчү деп аныктады. “Garsu Pasaulis” тарабынан алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды даярдоого жана жеткирип берүүгө сунушталган баа 1000 даанага 18,90$, ал эми тамеки заттарына 4,9$ түзөт. 5 жылга карата сынактык арыздын жалпы наркы - 16 миллион 800 миң АКШ доллары.

"Сынактын жеңүүчүсү акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирип берүүдөн тышкары акциздик маркаларды эсепке алуунун жана көзөмөлдөөнүн маалыматтык системин жайылтуу керектигин белгилейт",- деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, сынакты ачык жана айкын өткөрүү максатында комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салыктык кеңешчилер палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери киришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан