Кийик атып, аны менен сүрөткө түшкөн Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кызматынан ылдыйлатылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кийиктерди атууга байланыштуу чуулгандуу окуядан соң кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен прокурордун орун басары Алтынбек Акимбаев Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун жардамчысы кызматына түшүрүлдү.
Эскерте кетсек, окурман 14-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Окурман "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.
Ошондой эле кийик атып, алар менен сүрөткө түшкөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери Искендер Жолдошовго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал эч кандай жоопко тартылбай турганы айтылган.