Нарында аялын өрттөгөн жаран аппараттын жардамы менен дем алууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаев билдирди.
"Бейтаптын денесинин 32 пайызы күйүп калган. Учурда абалы оор. Дем алдыруучу аппараттын жардамына муктаж, эсине келбей жатат",- дейт Атбаев.
Эске салсак, жабырланган айым алган жаракаттарынан улам кечээ, 8-февралда көз жумган. Маалыматтарга ылайык, жубайлардын балдары жок.