Жалал-Абад шаарынын вице-мэрине мыйзамсыз берилип калган үй Жалал-Абаддын Азиздер жана дүлөйлөр коомуна кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалым болгондой, 2012-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда 40 батирлүү үй курган.
“Бул көп кабаттуу турак жай шаардын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү үчүн салынган. Бирок мэрия жогорудагы аталган батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамды бузуп, бир үйдү вице-мэрге кызматтык батир катары берип койгон.
Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын буйругу менен ушул жылдын 28-январында Жалал-Абад шаарынын мэри талашка түшкөн үйдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин балансына кайтарды”,- деп айтылат маалыматта.