“Кумтөр Голд Компани” кезектеги кызматкерин чет өлкөгө окууга жиберүүдө. Компаниянын адиси Мирбек Курманбаев тоо-кен өндүрүшүндөгү оор техника дөңгөлөктөрүн сатуу жана тейлөө боюнча дүйнөдөгү лидер “Кал Тайер” ишканасында 6 айлык тренингден өтөт. Кайтып келгенден кийин азыр чет элдик адистер иштеп жаткан жетекчилик кызматка көтөрүлмөкчү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Окутуу практикалык ыкмада Батыш Африкадагы Гана Республикасындагы атактуу алтын өндүрүүчү "Тарква" кенинде жүрөт. “Кал Тайер” 40 жылдан бери беш континентти багындырууга жетишкени, 6 айлык окууда жашоого жана барып келүүгө кеткен чыгымдын суммасы 100 000 долларды түзөрү айтылды. Курманбаевдин окуп келиши “Кумтөрдүн” жана жалпы мекенибиздин келечегине инвестиция катары бааланат. Мирбек Курманбаев билимдүү адам каалаган каалгасын ача алат деген ишеничте.
"Компаниябыз кызматкерлерине ушунчалык көңүл буруп, биздин келечектин камын көрүп жатканына чексиз кубанычтамын жана ыраазымын. Кыргыз Республикасында башка мындай компания жок болуш керек. Жетекчилик мага ар дайым “сенин колуңдан мындан да көп нерсе келет, сага ишенебиз” деп дем берип турат. Жарандары билимдүү өлкөнүн келечеги кең. Алган билимим өзүмө гана эмес, компаниябызга да, өлкөбүзгө да пайдасы тиет деген максаттамын”,- деди адис Курманбаев.
Компаниянын билдиришинче, "Кумтөрдүн" 2500дөн ашун кызматкеринин 97 пайызы кыргыз жарандары. Калган 3 пайызы жумуш орунун өлкөбүздө жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздигинен улам тартылган чет элдик билимдүү адистер. Кесипкөйлүгүн жогорулаткан кызматкерлер улам чет элдик адистердин ордун басып, кызматтан жогорулап турат. Компаниянын башкаруучу кызматтарында кыргыз жарандарынын саны ырааттуу өсүүдө.
Мирбек окуусун бүткөндө кендеги оор техникалардын дөңгөлөктөрүн тейлөө жана жөндөө бөлүмүндөгү чет элдик эки кызматкердин бирине алмаштырылмакчы. Жыл аягында экинчи адистин да иш келишими аяктап, 2017-жылдан тарта бөлүмдү жетектөө мекендешибиздин колуна өтөрүн маалымдаган компаниянын техникалык тейлөө бөлүмүнүн менеджери Жеррард Уиглсворс: "Бул Мирбектин профессионалдык өсүшү үчүн да, компания үчүн да маанилүү. Мен анын ийгилигине жеке кызыкдармын жана ал буга жете алат деп терең ишенем. "Кумтөр" компаниясы кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатуу үчүн, өзгөчө жаш адистер үчүн жакшы иш жасоодо",- деп билдирди.
Мирбек Курманбаев “Кумтөргө” 5 жыл мурда котормочу катары ишке орношкон. Анын жөндөмүнө, жумушка болгон жоопкерчилигине абай салган жетекчилик пландоо бөлүмүнө которгон. Жигердүү ишинен улам Тоо-кен институтунун кендеги техниканы тейлөө боюнча адистигине компаниянын колдоосу менен ээ болгон. Тоо-кен техникаларын жөндөө жана оңдоо бөлүмүндө эмгектенет. Эми дүйнөгө атагы чыккан ишканада билимин жогорулатууга сапар алды.