Бишкектеги жогорку окуу жайлар мекемелерине турникет орнотуу үчүн студенттерден акча жыйнап жатышат. Коомдук активист Ренат Самудинов 12-февралда жарыялагандай, анын атына студенттерден арыздануу түшкөн.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 200 сом, КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында 250 сом, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 375 сомдон топтолуп жатканы айтылат маалыматта.
"Кыргыз улуттук университетинин студенттери билдиришкендей, 10-февралда окуу жайдын башкы корпусунда бардык факультеттердин башчылары жана студенттик актив менен жолугушууда университеттин проректору Н.К.Асанбеков жыйналган 200 сом турникет үчүн карточка жасатууга алынып жатканын айтты. Турникет карточкасы 20-30 сом эле турат. Эгерде бардык студенттен 25 сомдон топтошсо, 582 500 сом болмок. Эгер ар биринен 200 сомдон алышса, 4 миллион 660 миң сом жыйналат. 4 660 000 - 582 500 = 4 077 500 сом. Арткан акчаны айрым жетекчилер өз чөнтөгүнө салышы мүмкүн деген жыйынтык чыгат",- дейт Самудинов.
Активист студенттердин укугун коргоо өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасына жана өкмөт башчыга кайрылды.