"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Арашан айылынын ооруканасына тиешелүү эски имарат сүрдүрүлүп, анын ордуна жаңысы салынат

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын ооруканасына тиешелүү эски имарат сүрдүрүлүп, анын ордуна стационардык бөлүмдүн жаңы имараты салынат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнөн SUPER.KG порталына билдиришти.

"Бул эскирген имарат биздин ооруканага тиешелүү. Эскилиги жеткендиктен, ал иштебейт, бирок мындан тышкары амбулатордук бөлүмүнүн имараты бар. Ал имарат жаңы жана ичинде бардык шарттары түзүлгөн. Ошондой эле амбулатордук бөлүмдө бардык адистер иштешет. Ал эми сүрөттөгү имарат быйыл сүрдүрүлөт. Ордуна жазында 50 адамга эсептелинген стационардык бөлүмдүн жаңы имараты салынат",- деди Арашан айыл өкмөтүнүн кызматкери.

Эске салсак, 4-февралда Арашан айылынын тургуну бул имарат тууралуу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабар жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан