Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында жайгашкан "Ренессанс" бут кийим чыгаруучу фабрикасынын кызматкерлеринин арызынын негизинде, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын Жумгал жана Кочкор аймактык башкармалыгы тарабынан аталган фабрика текшерүүгө алынды. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фабрика 2015-жылдын 1-декабрынан тартып иштегени маалым болду. Кызматкерлер менен эмгек келишими түзүлгөн, бирок бирден гана үлгүдө болуп, экинчи үлгүлөр жумушчуларга берилген эмес. Текшерүүдө кызматкерлердин укуктары бузулуп жана ишкананын жетекчилиги мыйзамга толук жооп бербеген иш аткарып келген. Маселен, кызматкерлер эртең менен саат 8ден кечки саат 22:00гө чейин иштеп, коопсуздугу каралган эмес. Андан сырткары ден соолукка келтирилген зыяндар, ашыкча убакыт иштеген кызматкерлерге кошумча акы төлөнгөн эмес. Эмгек кодексине ылайык, 50дөн ашык кызматкер иштеген мекемелерде жамааттык келишим түзүлүшү шартталат, бирок бул шарттар да аткарылган эмес. Жогоруда келтирилген фактыларды мыйзамдаштырууга, коопсуздук, эмгек жаатындагы кемчиликтерди жоюуга “Ренессанс” фабрикасына 1 айлык убакыт берилди.