Чүйдөгү төрөт үйүндөгү эненин өлүмү боюнча иликтөө комиссиясынын материалдарын Саламаттыкты сактоо министрлиги Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган мекемеден кабарлашты.
Атайын түзүлгөн комиссия каза болгон 33 жаштагы эненин төрөт маалы өз убагынан өтүп, түйүлдүктүн суусу агып кеткенин аныктады. Ал төрөт үйгө келген маалда түйүлдүк 23 саат 35 мүнөт суусуз калган. Дарыгерлер 7-февраль күнү эртең мененки саат 7де толготууну жасалма жол менен чакыртышкан. 5 саат өткөндө жатындын айрылганынын белгилери байкалган. Саат 13:15те эне өлүү ымыркайды төрөгөн. Төрөттөн кийинки мөөнөттө кан токтобой, дарыгерлер жатындын жарылганын аныкташып, операцияга алып киришкени менен, 8-февралда эне каза болгон.
Комиссиянын иликтөөсүнүн негизинде медициналык жардамды көрсөтүүдө кемчиликтер аныкталып, тиешелүү чараларды көрүп энени жана ымыркайды тирүү алып калууга мүмкүн болгондугу тууралуу чечим чыгарган. Ал эми төрөттү кабыл алган акушер-гинеколог жумуштан чыгарылып, калган дарыгерлерге Чүй облустук оорукана бирикмесинин башчысы тарабынан эскертүү берилди.
Эскерте кетсек, Чүйдөгү төрөт үйүндө бир эне жана эки ымыркай каза болгон.