Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчысы Эмилбек Капаров район тургуну Рустам Муратовдун пресс-подборщик шайманын карызга алып, акчасын бербей жатат. Муну 13-февралда жабырлануучумун деген жаран билдирди. Жабдыктын баасы 350 миң сом экени айтылды.
"Ал кайра мени коркутуп жатат. Мен иштебейм, эки жаш балам бар. Жеңил машинам ломбардда турат, пайызын төлөй берип карызга батып калдым. Пресс-подборщикти алып кетерде "Балам, кам санаба, сенин атаңдай киши болсом, кантип алдап кетмек элем..." деп айтканынан ишенип берип жиберген элем. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Сабир Атажановго арыз менен кайрылсам, "жардам бере албайбыз, сотко кайрыл" деп салышты. Сотко кайрылар акчам жок, ал насыяга алынган пресс-подборщик болчу. Насыямды төлөй албай, машинам ломбардда",- дейт Муратов.