Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндөгү каналга топтолуп калган таштандылар "Ош - Тазалык" ишканасынын жумушчулары тарабынан тазаланды. Маалыматты 13-февралда аталган ишканадан билдиришти.
Бул суу өткөн канал суу чарба ишканаларына карайт. "Ош - Тазалык" мекемесине карабаса да тазалоо иштери жүргүзүлдү. Айрым кайдыгер шаар тургундары ыргыткан желим бөтөлкөлөр суу менен кошо агып келип, канал кайра эле таштандыга толуп калып жатат.