Кыргыз Республикасынын жараны Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашты. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазып чыкты.
Бул кырсык 11-февралда болгон. Поездди күтүп турган Юлия Валь талмасы кармап рельстерге кулап кеткен. Аны куткарууга полиция кызматкери менен бирге 28 жаштагы Марат Исаев да рельстерди көздөй түшкөн. Юлияны тургузушканы менен, поезд жакындап үчөөнүн тең жашоосуна коркунуч жараткан.
Марат Исаевдин айтымы боюнча, ал Москвадагы фирмалардын биринде курьер болуп иштейт. 11-февраль күнү жумушунан кайтып келе жатып перрондогу аялдын кулап түшкөнүн көргөн.
"Биринчилерден болуп жардамга полиция кызматкери түштү, бирок ал жалгыз жана ага оор болгондуктан, аркасынан мен да түштүм. Аны дароо эле алып чыга алган жокпуз, поезд жакындап келе жатты. Полиция кызматкери рельстердин арасына жатууга буйрук берди. Рельстер жогорку электр чыңалуусунда болгону кооптуу болду. Биз поезд токтогончо жылбай жаттык",- дейт Исаев.
Окуядан кийин Юлия Валь ооруканага жеткирилген. Ал эми полиция кызматкеринин сыйланарын полиция бөлүмүнөн кабарлашкан.