11-февралда Москванын метросунун "Красносельская" станциясында Юлия Валь аттуу аял талмасы кармап рельстерге кулап түшкөн. Аны полиция кызматкери куткарууга аракет кылып, башкалары жардам бербей жатканын көргөн 28 жаштагы Марат Исаев рельстерди көздөй түшкөн. Поезд жакындап калгандыктан, чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой, аялды өздөрү менен кошо рельстердин арасына жаткырып аман калышкан. Марат бүгүн SUPER.KG порталы менен байланышып, бул окуя тууралуу айтып берди.
"Москвада 8 жылдан бери иштеп жүрөм. Жумуштан үйгө метро менен саат 7 чамасында келе жаткам. “Красносельская” станциясына жетип, поездден чыкканда эле аялдын рельске кулап түшкөнүн көрдүм. Дароо чуркап бардым. Менден мурун жардамга полиция кызматкери кол сунуп, рельске секирип түшүп, аялды көтөргөнгө аракет кылды. Анын артынан мен да секирип түшүп жардамдаштым, бирок экөөлөсөк да аны сыртка чыгара албай койдук. Ошол замат кийинки келе жаткан поезддин жарыгы тийип, үнү угулуп калды. Чыгара албай турганыбызды сезип, аялды рельске жаткыра салдык. Анын артынан эле мен, менден кийин полиция кызматкери жата калды. Өз убагында аракет калганыбыз үчүн аман калдык.
Поезд токтогондон кийин деле аялдын өзүнө келе электигин байкап, полиция кызматкерине “Тез жардам” кызматын чакыр деп кыйкырдым. Ал сыртта тургандарга буйрук берди. Машинист “кыймылдабай жаткыла, ток тартып кетет” деп кыйкырды. Бир аз туруп эле полиция кызматкери жөрмөлөп поезддин астынан чыгып кетти. Анын артынан эле бир киши келип, “сүйрөп чыгарышыбыз керек, жардам берейин” деди. Экөөлөп сүйрөп жатканыбызда аял өзүнө келип, мени ургулап туруп алды. Мен "сиз поезддин алдында жатасыз, чыгарып кетишибиз керек" десем деле болбой ургулай берди. Анан мага жардам берип жаткан киши да айтты эле, унчукпай калды. Аны чыгаргандан кийин “Тез жардам” унаасы алып кетти".
Марат поезд келгенче жөн гана чыгарып кетебиз деп ойлоп, өзүн тобокелдикке салган. Анын бул эрдигин угуп-билген бүт орус эли жылуу кабыл алып, рахматын айтышууда. Марат мамлекет тарабынан атайын сыйлык берилип же эске алынбаса да таарынбастыгын белгиледи.
"Поезд астында жатып "Эмнеге бул ишке бардым, өлүп калсам эмне болмок?" деп ойлодум. Анан да кызым, бир туугандарым, жакындарым эске түшүп, катуу ачууландым. Аман калдык, жапа чеккен жокпуз. Азыр элдин баары жакшы тилектерин айтып жатышат. Өзүм менен бирге иштеген орус, кыргыздар “сен биздин баатырсың, сени ушундай эрдик жасайт деп күткөн эмеспиз” деп кубанып жатышат.
Муну мен баатырдык деп деле эсептебейм, жардам бериш керек болду, бердим. Мага эч кандай сыйлык беришпесе деле ыраазымын. Бирок адамга жардам керек болуп турганда полициядан башка эч ким жардам бергиси келбей, тескерисинче, камерага тартып жатышканы мени таң калтырды. Мен жардам бердим, мындайда туруп алуу кыргыздын канында жок. Аял азыр деле ооруканада жатат, жакшы боло элек экен. Мүмкүн, өзүнө келгенде телефон чалып калар".
Марат Исаевдин Москвада жашаганына 8 жыл болду, учурда дизайнердик компаниялардын биринде курьер болуп иштейт. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлүп, Ош шаарында бойго жеткен.