Бүгүн, 14-февралда дүйнө жүзү боюнча Сүйүшкөндөр күнү же Валентин күнү белгиленип жатат. Бул күндү белгилегендер сүйгөндөрүнө жана жакын адамдарына белектерди, жүрөк формасында жасалган каттарга сүйүүсүн же каалоо-тилектерин жазып беришет.
Бүгүн бул майрам өлкөбүздүн борбор калаасы Бишкекте да белгиленип жатат. Майрамдагандардын басымдуу бөлүгү жаштар. Алар үчүн ар кандай иш-чаралар, концерттер, сынактар, оюндар уюштурулду. Бишкектин кээ бир соодагерлери соода бүгүн жакшы жүргөнүн айтышса, айрымдары соода болбой жатканын билдиришти. Алардын айтымында, жаштар көбүнчө жүрөкчө открыткаларды, жумшак оюнчуктарды алышты.
"Кечээки күнгө караганда бүгүн соода жакшы болду, бирок былтыркы Валентин күнүнө караганда быйыл соода аз. Балким, каатчылыкка байланыштуубу же романтиктердин саны азайган чыгар..."- дейт сатуучу.
Ал эми гүл дүкөндөрүндө бүгүн гүлдөр көп сатылып, сатуучуларды кубандырууда. Көбүнчө роза жана жоогазын гүлдөрү өтүп жатканы тууралуу гүл дүкөнүнүн сатуучусу айтты.
Бишкекте бул күндү белгилегендердин саны жылдагыдан аз экени байкалды.
Уламыш боюнча Байыркы Римдеги император аскерлерин согуш талаасында мыкты согушуу үчүн аларды үйлөндүргөн эмес. Валентин аттуу дин кызматкери сүйүшкөндөрдүн никесин жашыруун кыя берген. Ал тууралуу билип калган бийликтегилер аны камакка алышат. Камакта отурган Валентин түрмөнүн кароолчусунун кызын сүйүп калып, сезимдери тууралуу жазылган жүрөк формасындагы катын жиберип, 14-февралда өлүм жазасына тартылган.