Бүгүн, 15-февралда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатылышы 75 сом 20 тыйын болуп жатат. Ал эми орус акчасынын курсу дале төмөн баада сатылууда. 1 рубль 95 тыйындан алынса, сатылышы 96 тыйын.
9-февралда 1 доллар 72 сомдон сатылып алынып, 73 сом 80 тыйындан сатылып жаткан болсо, 10-февралда 74 сом 30 тыйындан алынып, кайра сатылышы 75 сом 50 тыйынга чыккан.
2015-жылдын декабрь айында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллар 78 сомго бааланып калган эле.