Исфанада ысырапкерчиликке бөгөт коюлат

Өткөн жуманын аягында Баткен облусунун Исфана шаарында жергиликтүү тургундар, шаардын башкы имам-хатиби жана айыл аксакалдары ысырапкерчиликке бөгөт коюу жолдорун талкуулашканын муфтияттан билдиришти. Бул күнү Исфана шаарынын башкы имам-хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев исламда ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбей турганын жана Куран, хадистерде ысырап кылуу жакшы эмес көрүнүш катары караларын билдирди. Ал эми айыл аксакалдары учурда той жана маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ысырапкерчилик болуп жатканын айтышып, бул көрүнүшкө бөгөт коюу, чыгымдарды кыскартууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik11-29
2016-02-15 10:29:26
жакшы пикир !бут кыргыз жеринде богот коюлса ,бир аз болсода ,элдин койгойу женилдемек!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан