Ата Мекенди коргоочулардын күнү эс алуу күнү деп жарыяланды

23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1918-жылы 23-февралда жаш советтик аскердик түзүлүштү германиялык баскынчылардан коргоо үчүн ыктыярчылар Кызыл Армиянын катарына жазылып, Ата Мекенди коргоого аттанышкан. Ошол күндөн тартып СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып келген. СССР тарагандан кийин анын курамынан чыккан көпчүлүк өлкөлөр майрамды белгилебей калышкан. Кыргыз Республикасы бул күндү 2004-жылдан бери кайрадан майрамдап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан