Кечээ, 14-февралда Москвадагы кыргыздар Абдышүкүр Нарматов жана Чубак ажы Жалилов менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Жолугушууга 14 миңдей адам келген. Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов келгендердин суроолоруна жооп беришип, кызыктуу баяндарды айтып беришти. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жана Орусия муфтийлер кеңеши уюштурушкан.
"Эл абдан көп келди. Мечитке батпаганы сырттан угуп турушту. Бул күнү мекендештерибизге бир топ пайдалуу жана маанилүү маалыматтар берилип, дин аалымдары менен болгон жолугушуу жогорку деңгээлде өттү",- деди Абдышүкүр ажы Нарматовдун маалымат катчысы Эрназар Таштанбаев.