Жалал-Абадда "Тартип" аталышында ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүп жатат

2016-жылдын 8-февралынан 23-февралга чейин Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилигинин буйругунун негизинде "Тартип" аталышында ыкчам алдын алуу иш-чарасы Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун аймагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абаддын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБинин борбордук аппаратынын, Жалал-Абад ШИИБинин, Сузак РИИБинин тартип сакчылары, Кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун, Жол-кайгуул кызматынын 200дөй милиция кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, коомдук уюмдардын, массалык-маалымат каражаттарынын, кварталдык комитеттер менен элдик кошуундардын 60тай өкүлдөрү катышышты.

Бул профилактикалык иш-чара күн сайын атайын саптык тизилүү менен башталып, жетекчилик тарабынан талаптар жана атайын тапшырмалар өздүк курамга берилген. Максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштардын беттерин ачуу, паспорт режиминин сакталышы, ар бир кварталдагы жашаган атуулдарды тактоо, милициядагы профилактикалык эсепте турушкан жарандарды текшерүү, айрыкча мурда кылмыш жасаган жарандарды, соода түйүндөрүн, диний уюмдарды жана жол-транспорттук кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып баруу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан