Январда ведомстволук классификация боюнча бюджеттин чыгашасы 8 миллиард 13 миллион 600 миң сомду түздү

2016-жылдын январында ведомстволук классификация боюнча бюджеттин жалпы чыгашасы 8 миллиард 13 миллион 603 700 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 миллиард 268 миллион 884 900 сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 миллиард 420 миллион 910 400 сом, калкка социалдык жардам боюнча 621 миллион 324 400 сом бөлүндү. "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгашалар 142 миллион 923 500 сомду түздү.

Калган каражаттар башка корголгон жана корголбогон чыгашалар беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asadulla
2016-02-15 13:37:59
Комуналный услугалар дан тушкон акча жылына мындан копту тузуш керек эле !?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан