Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарында кыргыз жергесинде Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгы белгиленди.
Эскерүү митинги борбордогу Ататүрк атындагы сейил багында өтүп, ага Ооган согушунун ардагерлери, каза болгон жоокерлердин бир туугандары, Жогорку Кеңештин жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышышты. Митингде Ооган согушунун жоокерлерине арналган эстеликке гүл коюлду. Ал эми аскер оркестри Калый Молдобасановдун "Жалгыз аялдын ыйы", "Марш славянки" аттуу чыгармаларды жана өлкө гимнин аткарышты. Ошондой эле иш-чарада Улуттук гвардиянын Ардак караулунун жоокерлери асманга залп атышты. Митингге келгендер 1 мүнөт аза күтүп, Ооган согушун эскерип өтүштү.