Балдардын бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүндө Бишкекте балдарга жагымдуу маанай жана дары-дармек тартууланды (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-февралда Бишкекте Эне-баланын саламаттыгын коргоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө Балдардын бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Анда ооруканага жаш балдардын өмүрү үчүн өтө маанилүү делген дары-дармектер жана атайын каражаттар тапшырылды. Алардын баасы жалпысынан 270 миң сомду түзөт.

Иш-чара "Help the Children-SKD" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган. Ага фонддун өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев, оорудан жабыркаган балдар, алардын ата-энелери жана дарыгерлер катышты.

Министр баш болгон катышуучулар бүгүнкү күндө мамлекет дары-дармек менен толук бойдон камсыздай албасын айтышты. Камчыбек Узакбаев буларга токтолду: "Негизи, биздин өлкө эле эмес, бардык мамлекеттер оорудан жабыркагандарды жеткиликтүү деңгээлде дары-дармек менен камсыздай албайт. Мындай шартта каражат дайыма активисттер тарабынан элден чогултулат. Андыктан бүгүнкү иш-чара чоң мааниге ээ деп айта алам".

Уюштуруучулар билдиришкендей, балдарга жардам көрсөтүү иш-чарасынын алкагында айрымдар балдардын ой жүгүртүүсүнүн калыптануусун, өрчүүсүн шарттаган такталарды тапшырышты. Ошондой эле акчалай жардам бергендер да болду. "Айрым кырдаалдар болгон, бизге пенсиядагы айым келип 500 сом өлчөмүндө каражат таштап кеткен. Жардам берүүдө сумма эмес, ниет башкысы экенин түшүнгөндөр бар",- дешти уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан