Райондук, мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаар мэрлери улуттук коопсуздукту камсыздоонун негиздерин үйрөнүп жатышат

2016-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында райондук, мамлекеттик администрация башчылары жана республиканын шаар мэрлери үчүн сабактар башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо жаатындагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын алкаганда өткөрүлүп, Куралдуу күчтөрдү, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча каражаттары менен күчтөрүн ыкчам башкаруу жана өз ара аракеттешүүнү уюштуруу тууралуу базалык билимдерин курстун катышуучуларына жеткирүү максатын көздөйт.

Сабактар Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперттеринин жетекчилиги алдында өткөрүлүүдө.

Тренингдердин жүрүшүндө күч түзүмдөрүнүн жана республиканын билим берүү мекемелеринин адистери улуттук коопсуздук, жарандык коргоо, улуттар аралык мамилелер, аскердик доктрина, мамлекеттик чек ара, тынчтык жана согуш мезгилдеринде өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү, мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди коргоо, мамлекеттик органдардагы жашыруундуулуктун тартиби, территориялык коргонуу, экономика жана калкты мобилизациялоо, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын массалык тартипсиздик чыккан жана өлкөдөгү коомдук тартип бузулган учурлардагы аракеттеринин алгоритми жана башка маселелер боюнча лекцияларын угушат.

Курстар 2016-жылдын 19-февралында аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан