Караколдун тургундары Данияр Нарымбаевдин сотун созбоо талабы менен президентке кат жолдошту

Караколдун тургундары Данияр Нарымбаевдин сотун созбоо өтүнүчү менен президентке кат жолдошту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уланбек Маликов SUPER.KG порталына кабарлады.

Жолугушууда тургундар Данияр Нарымбаевдин соту көпкө узап жатканын, күнөөсү болсо далилдеп, күнөөсү жок болсо актап, эртерээк чечим чыгаруу талабын коюшканы маалым болду.

"Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугууга 100дөй адам келген. Алар администрациянын имаратындагы чоң залга киргизилишип, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев менен жолугушту. Алар 42 барактан турган 770 адамдын колу бар катты президентке жөнөтүүгө тапшырышты. Катта Данияр Нарымбаевдин сотун көпкө созбой, соттун адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылышкан",- дейт Уланбек Маликов.

Жалпысынан жолугушуу 20 мүнөттөй созулуп, тургундарга Данияр Нарымбаевдин соту боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tursunbaev2016
2016-02-15 14:23:04
Боштондукка чыгарып жибергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан