Ошто Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-февралда Ошто Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди эскеришти.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 422 интернационалист жоокер жашайт. Алардын ичинен төртөөнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ооган согушунан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрүнө, катышуучуларына мамлекет, мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет, бирок булардын кайгысын, муңун эч нерсе менен толтура албайсың. Ошондой болсо да бул үй-бүлөлөр өздөрүнүн кайтпай калган эр-азаматтары менен сыймыктанышса болот, себеби алар кан майданда Ата Мекендин буйругун аткарып жатып баатырларча курман болушту”,- деди Аскаров.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Ооганстандан чыгарылганын 27 жылдыгынын урматына 20дан ашуун интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан сырткары Ооганстан жеринен кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары ыйгарылды.

Жаш жоокерлер Ооганстанда курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.

Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан