Кыргыз кинологдору Казакстандагы 4 айлык окуудан окуп келишет

Кыргыз Республикасы менен Казакстандын чек ара мекемелеринин жетекчилери тарабынан түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 10 кинолог адиси алгачкы жолу Казакстан Республикасынын Чек ара академиясынын Кинология борборуна окууга кетишет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуу мөөнөтү 4 айга барабар болуп, анда Чек ара кызматынын адистери өздөрүнүн тажрыйбасын жогорулата алышат. Бул курстун 3 багыты бар: издеп табуу кызматы, баңгизаттарды жана жарылуучу заттарды издөө. Кинологдор ветеринардык даярдыктын негизин окуп, Чек ара кызматынын күзөтүүдө иттерди кандай тартипте кармоо керектигин үйрөнүшөт.

"Мындай окууга биз биринчи жолу Казакстанга кинологдорубузду жиберип жатабыз. Ал жакта бир гана теориялык билимин жогорулатпастан, практика жүзүндө да иштеп чыгышат. Алгачкы жолу Казакстандын Кинология борборунан биздин кинологдорго күчүктөр берилип, адистер алар менен бирге мындан ары да өлкөнүн чек арасын коргоого кайтышат",- дейт Кинология жана кавалерия кызматынын башчысы Павел Суходольских.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан