Өлкөдө 800дөн ашык медицина кызматкери В жана С гепатити менен ооруйт

Өлкөдө 800дөн ашык медицина кызматкери В жана С гепатити менен ооруйт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, гепатит менен ооруган кызматкерлер илдети аныкталгандан кийин кан менен иштебеген башка жумушка которулбайт.

2014-жылы 41 611 медицина кызматкери атайын анализ тапшырып, 876сы В жана С гепатити менен ооруй турганы аныкталган. Ушундай эле көрсөткүч 2013-жылы 34 297 медкызматкердин арасынан чыккан. Учурда бул кызматкерлер өз каражаттарына дарыланып келишет. Келечекте аларга акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө”,- деди башкы адис.

Исмаилованын айтымында, В жана С гепатити үч учурда жугат. “1. Медицина аспаптары стерилизациядан жакшы өтпөй калганда. 2. Бейтаптардан операция маалында өтө көп кан кетип дарыгерге жугушу мүмкүн. 3. Медкызматкерден бейтапка жугат. Акыркы учурда жугуу процессинин болушу өтө аз пайызды ээлегендиктен, медицина кызматкерлери ээлеген ордунда иштей беришет”,- деп кошумчалады адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TAION
2016-02-15 20:20:10
Medikterdin, tish dokturlardyn shalaakylygynan elge jugup jatat. Aspaptar taza sterilizasiya bolboit!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан